Кыргызстандын футбол боюнча U-20 жаштар курамасы 2025-жылы өтө турган Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө жолдомо алды. Тандоо оюндарында Мирлан Эшеновдун тарбиялануучулары үч беттеш өткөрүштү.
Алгач кыргызстандыктар Мьянма курамасын 2-0 менен утса, экинчи беттешинде Түркмөнстан оюнчуларын 1-0 эсебинде жеңди. Акыркы оюнда кыргыз футболчулары Жапония курамасы менен кез келип, беттеш тең чыгуу менен (1:1) аяктады. Оюндардын баары Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Жыйынтыгында «ак шумкарлар» жети упайы менен I тайпасында экинчи орунга жайгашты. Жапония курамасы да жети упайга ээ болду, бирок киргизген жана өткөрүп алган голдордун айырмачылыгындагы жакшы көрсөткүчтөрдөн улам биринчи орунга чыкты.
Футбол боюнча U-20 Азия Кубогу 2025-жылы 6-13-февраль күндөрү Кытайда өтөт. Кыргызстандын жаштар курамасы өз тарыхында бул Кубокко үчүнчү жолу катышат.
Каналга жазылуу: [ Ссылка ]
Биздин веб-сайт: [ Ссылка ]
Facebook: [ Ссылка ]
Twitter: [ Ссылка ]
Instagram: [ Ссылка ]
Ещё видео!