Кыргызстанда TikTok социалдык түйүнүн чектөө маселеси кайрадан көтөрүлдү. Санариптик өнүктүрүү министрлиги операторлорго тиешелүү каттар жөнөтүлгөнүн да тастыктады.
Министрдин кеңешчиси Мээрим Искакованын маалыматына таянсак, мындай чечимге УКМК тарабынан жөнөтүлгөн кат негиз болгон. Тактап айтканда, маселе Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаш балдардын физикалык, интеллектуалдык абалына, руханий дүйнөсүнө жана адебине тийгизген терс таасир тууралуу болуп жатат. Бирок азырынча чектөөнүн так күнү айтыла элек.
TikTok’тун ишин өлкөнүн аймагында токтотуу маселеси былтыр август айында да каралган болчу.
[ Официальный канал ИА АКИpress ]
Смотрите и читайте нас:
Наш сайт: www.akipress.org
Instagram: instagram.com/akipress
Facebook: facebook.com/akipress
Twitter: twitter.com/akipress
Телеграм: t.me/akipress
TikTok: tiktok.com/@akipresskg
![](https://i.ytimg.com/vi/-nMJKafvjnY/maxresdefault.jpg)