ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишекте ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжасында издөөдө жүргөн уюшкан топтуп мүчөсү 1990-жылы туулган Ю.Р. аттуу жаранды кармашты.
Эске салсак кармалган Ю.Р. өзүнүн кылмыштуу өнөктөштөрү менен 7-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Киев жана Разаков көчөлөрүнүн кесилишинен Э.А. аттуу жаранды психикалык басым көрсөтүп, машинага салып Бишкек шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан ээн талаага алып барып, бычак менен коркутуп, сабап, криминалдык общакка 200,000 сом акча бересин деп опузалашкан.
Убагында Кыргыз Республикасынын КЖКнын 165-беренеси (адам уурдоо) жана 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, изин жашырып кеткен Ю.Р. издөө жарыяланган.
Кармалган 1990-жылы туулган Ю.Р. Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 96-бернесине ылайык убактылуу кармоо жайына камалды.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.
ИИМдин басма сөз кызматы
Ещё видео!