Сууга зар Воронцовка айыл аймагы:
Октябрьская,
Школьная,
Больничная көчөлөрү
Таш добо айылы жана Новостройка да жашаган айыл тургундары, кезектеги зар муңун айтып көчөгө чыгышты. Суусаган элдин үнүн угаар бийлик тараптан адам жок! бир нече күндөн бери, сууга мол мекенинде сууга жетпеген карапайым айыл тургундарын ким угат? бийликке кайрылуу жасап айласы куруган айылдыктар, журналисттеге кайрылууга мажбур болушууда.Алты жылдан бери төрт миң жакын тургун таза суу зар болуп келишүүдө. Воронцовка айыл аймагында жалпы жонунан он бир скважина болсо, азыркы убакта такыр суу чыкпаган үч скважина демек Воронцовка айылынын тең жарымынын көбү суу сатып алууга мажбур.... Скважинаналардын көбү оңдоп- түзөөгө такыр эле жарабай калган, демек жаңы казуу азыркы талап. Кыргызстан суунун мекени болуп туруп кичинекей айылды сууга зар кылганыбыз өтө кейиштүү абал. Бийлик тараптан жооп күткөн айылга жооп берет деген үмүт менен айыл тургундары чака чайнегин тосуп күтүшүүдө...
![](https://i.ytimg.com/vi/3cEcDBSBTWM/mqdefault.jpg)