Ош обулсунун ар бир райондорунда кыш мезгилине карата ар кандай көмүр сатылууда. Деген менен көмүрдү карьерден оор жүк ташуучу унаалар кантип таштып келет? Алар нормадан көп көмүр жүктөп ташыбайбы?
Буга чейин Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов Кара-Суу районунун аймагындагы көмүр саткан жайлардын бирине барып, анда оор жүк ташуучу унаалар жүк салуучу бортунан ашыкча көмүр жүктөп алышканына күбө болуп, аларга айып пул салынышы керектигин билдирген болчу.
Адистер Кыргызстанда эң оор жүк ташуучу унаа өзүнүн салмагын менен бирге 44 тонна жүк көтөрүүгө болорунун айтат. Бирок айдоочулар «Хово» унаасынын өзү эле 20 тоннаны салмакка ээ экенин айтып келишет.
Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Кара-Суу районунун аймагындагы көмүр сатуучу жайлардын бирине барып, андагы оор жүк ташуучу унаалар бир рейсте канча тонна жүк алып келерине кызыкты.
Аты-жөнүн тааныштыргысы келбеген айдоочу анын унаасы 10 тоннаны салмакка ээ экенин, 20 тоннадан ашык көмүр жүктөп келерин айтып, чоң көмүр жүктөлсө унаанын бортунан бийик болуп каларын айтты.
![](https://i.ytimg.com/vi/3e0CGnxX5zs/maxresdefault.jpg)