🎵 Бек Борбиевдин "Көлдүк кыз" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы варианты тексти менен.
🎤АЛМАЗ ШААДАЕВ - Көлдүк кыз ырынын үнү жок (минус) варианты [ Ссылка ]
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары [ Ссылка ]
☑ үнү жок кыргызча караоке [ Ссылка ]
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу [ Ссылка ]
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
Бек Борбиевдин расмий ютуб-каналы: [ Ссылка ]
Алмаз Шаадаевдин расмий ютуб-каналы [ Ссылка ]
#ыркесе #бекборбиев #алмазшаадаев #колдуккыз #yrkese
======================================================
Алмаз Шаадаев — Көлдүк кыз
Сөзү, обону: Бек Борбиев
====================
Тамгаданбы же Тамчыданбы ал,
Биле албадым, биле албайм.
Алтын балыктын эй артынан жүрөм,
Кайырмакка иле албай.
Ага барбай, барбай,
Карай берем талбай,
Же сүйүүмдү айтпай,
Же сүйүүмдөн кайтпай,
Же бириге албай,
Же бириндей албай,
Жүрөм күлүп, күлө албай.
Кайырма:
Көрдүм эле, көрдүм ай,
Көрдүм ай,
Көрүп эле дароо сүйдүм ай.
Жүрөгүмдү сайды эле,
Жүрөгүмдү жарды,
Бир сулуусу Көлдүн ай.
Суу экенсиң го,
Жоо экенсиң го,
Ар бир жигит самачу.
Аны жараткан эй Ысык-Көлүмдүн
Кудуретин карачы.
Неге тиктейм, тиктейм,
Эмне экенин билбейм,
Же жаныңа жетпейм,
Же жаныңдан кетпейм.
Кээде билем билбейм,
Кайра өзүмдү тилдейм,
Жалбырактай дирилдейм.
Кайырма:
Түп жактанбы, же Тоң жактанбы ал,
Биле албадым, биле албайм.
Ал аккуунун мен артынан жүрөм,
Тузагыма иле албай.
Көздү кадайм, кадайм,
Неге кайра жадайм,
Неге алдына барбайм,
Не көзүмдү алдайм.
Сезимимден танбайм,
Жакшы ойлорду жандайм,
Ак сүйүүмдү айта албайм.
Кайырма:
Көрдүм эле, көрдүм ай,
Көрдүм ай,
Көрүп эле дароо сүйдүм ай.
Жүрөгүмдү сайды эле,
Канжар менен сайды,
Бир сулуусу Көлдүн ай.
Көрдүм эле, көрдүм ай,
Көрдүм ай,
Көрүп эле дароо өлдүм ай.
Жүрөгүмдү сайды эле,
Жүрөгүмдү жарды,
Бир сулуусу Көлдүн ай.
Жүрөгүмдү сайды эле,
Бычак менен сайды,
Бир сулуусу Көлдүн ай.
Кызы Ысык-Көлдүн ай.
АЛМАЗ ШААДАЕВ - Көлдүк кыз - кыргызча караоке тексти менен
Теги
алмаз шаадаевалмаз шаадаев колдук кызалмаз шаадаев колдук кыз караокеалмаз шаадаев колдук кыз тексталмаз шаадаев колдук кыз скачатьбек борбиев колдук кызбек борбиев колдук кыз караокебек борбиев колдук кыз текстбек борбиев колдук кыз скачатьколдук кыз караокеколдук кыз алмаз шаадаевколдук кыз караоке бек борбиевтамгадан бы же тамчыдан бытамгаданбы же тамчыданбыкөлдүк кызкөлдүк кыз караокебек борбиев көлдүк кызалмаз шаадаев көлдүк кыз