ИИМ: Издөөдө жүргөн 2010-жылдагы окуянын катышуучусу кармалды, ал укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелүүдө
🔴Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан, жашынып жүргөн 1995-жылы туулган Кыргыз Республикасынын Н.Х. аттуу жараны чет мамлекеттин аймагынан кармалды.
🔴Ал 2010-жылы болгон окуялар учурунда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталууда. Кылмышкер узак убакыт чет мамлекеттин аймагында жашынып жүргөн.
🔴Тергөөнүн маалыматы боюнча 1995-жылы туулган Н.Х. аттуу жаран 2010-жылы Ош шаарында болгон окуя учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө активдүү катышкандардын бири болгон. Учурда Н.Х. Кыргыз Республикасына алынып келинип, камакка алынды
![](https://i.ytimg.com/vi/7yKiXnn15Bs/maxresdefault.jpg)