Бүгүн, 10-ноябрда саат 08:00 чамасында Кой-Таштагы 73809-аскер бөлүктүн жатаканасында офицердин асылып турган жансыз денеси табылганы маалым болду. Башкы штабдын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, маркум аскер бөлүктөгү жатаканада жашап жаткан.
Учурда Аскердик прокуратуранын Бишкек гарнизону тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.
«Баракелде» басылмасынын кабарчысы 2019-жылдын 23-февралында Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин 73809-аскер бөлүгү менен таанышкан.
Ещё видео!