Бүгүн, 26-октябрда Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.
Кечээ, 25-октябрда Баткен районунун Үч-Дөбө айылында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда пикир келишпестик орун алганы кабарланган.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, такталбаган аймактан тажик тарап жерди казып, түтүктөрдү алып өтүүгө аракет кылган. Кыргыз жарандары 2 тараптуу келишимге ылайык ал жерде курулуш курууга мүмкүн эместигин айтып, ишти токтотууну талап кылган. Натыйжада эл чогулган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, эскертүү иретинде кыргыз чек арачылар тарабынан асманга ок атылган.
Үч-Дөбө айылы менен Тажикстандын Хожало айылы чектешкен жердеги такталбаган аймакка 30 метр түтүк аркылуу суу алып өтүү үчүн аракеттер башталган. Бирок жергиликтүү тургундар ушуга чейин тажик тараптын аракетин байкабай эмне кылышты деп чек арачылар менен жергиликтүү бийликке суроо коюшкан
Ещё видео!