26-июнда Жогорку Кеңеш электрондук тамекини чегүүгө, сатууга, өлкөгө алып келүүгө тыюу салган мыйзамды колдогон. Мыйзам бузулса жеке адамдарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом штраф каралган. Президент бул мыйзам долбооруна кол коё элек. Ал эми мыйзам өз күчүнө кире электе эле милиция кызматкери электрондук тамекини чегип отурган өспүрүмгө барып, аны коркутуп, акча талап кылган. Бала милицияга банкоматтан акча чыгарып берип, ошол эле жерден ээсин жоготуп, инсульт алган. Бул мыйзам долбоору боюнча элдин пикири кандай? Видеодон көрүңүз.
#медиахаб #жаңылыктар #кабарлар #кыргызстан #ысыккөл #ош #баткен #жапаров #ташиев #жогоркукеңеш
![](https://i.ytimg.com/vi/AwDMSr0ltyk/maxresdefault.jpg)