18-декабрда саат 11:30да Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелери боюнча өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери жана күч органдары сүйлөшүп жаткан маалда тажик тараптан белгисиз адамдар Кыргызстандын жарандары турган тарапка таш ыргыта баштаган. Буга жооп кылып ыргытылган таштардан тажик жарандарынын эки унаасынын алдыңкы терезелери сынган. Жыйырма мүнөттөй убакыт өткөн соң тажик тараптан ок атылып, ИИМдин бир аскер кызматкери жараат алды",-деп билдирди Чек ара кызматы.
Учурда аймакта жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Кырдаалдын курчуп кетишин алдын алуу үчүн күч түзүмдөрү чек ара конушуна барды.
Эки күн мурун эле чек арадагы тактала элек тилкеге тажик тарап тосмо тургуза баштаганда чыр чыккан экен.
Быйылкы жылы ок атышууга жеткен бир нече чатакташуу катталды. Сентябрь ортосунда эле чек арадагы чатактан кыргызстандык аскер каза таап, жетөө жарадар болгон. Андан тышкары жайкын тургундар арасында жетөө октон жаракат алып, бирөөсү өспүрүм бала болгон.
Бул окуядан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нааразылык нотасын жөнөткөн эле. Тажик тарап өз кезегинде чатакты ырбатты деп Кыргызстанды айыптаган. Тажик тарап үч чек арачысы каза тапканын айткан. Кыргызстанга жооп кылып, нааразылык нотасын жолдогон.
Жыл башынан бери кыргыз-тажик чек ара тилкесинде бир нече чыр-чатак катталды. Июль айында катталган жаңжалдан кийин президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолугушкан эле. Алар чек ара тилкелеринде коопсуздукту камсыздоо, чатакташууларды болтурбоо убадаларын берген эле. (AbA)
Ещё видео!