Кечээ, 28-июнда сел каптаган Ноокат районундагы Абшыр-Ата эс алуу жайынан жалпы 1300дөн ашуун куткарылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов билдирди.
Анын айтымында, тик учактын жардамы менен 15 адам эвакуацияланды.
Абшыр-Атанын тургуну Курсаналы Жуманбаев куткаруучулар түнү менен иштегенин билдирди. Алар адамдарды суудан өткөрүп, иш алып барышты.
![](https://i.ytimg.com/vi/BmmgTrl-5Wg/maxresdefault.jpg)