МАВЛЯНА МУХАММАД ИЛЯС КАНДАХЛЕВИ
Пайгамбарыбыз САВ айтты: «ААЛЫМДАР МЕНИН МУРАСКОРУМ!»
Ооба! Адамзат үчүн караңгылыкта өзүн шам чырак кылгандарга аалым дейбиз. Ушул сыяктуу шам чырактардын бирөөсү Мавлана Мухаммад Ильяс Кандахлеви Рахматуллохи алейхи.
1885-жыл. Индиянын Уттар Прадеш штаты. Кандахле айылы. Ушул жерде келечекте Ислам динине, Аллах жолуна кызмат кыла турган улуу бир аалым жарык дүйнөгө келет. Мавлана Мухаммад Ильяс Кандахлеви Рахматуллохи алейхи. Атасы Мухаммад Исмаил Низамуддин жергесинде аалым имам болгон. Ал жердеги элге дин жаатында сабак берип турган. Мухаммад Ильяс Кандахлеви алгачкы диний билимин ошол жерден атасынын колунан алган. Бул жерде ал жаштыгына карабай Ыйык Куранды жаттап алган. Атасынын бош убактысы жок эле. Дайыма дин мээнети менен жүрчү. Ошондуктан Мухаммад Ильяс Кандахлеви бир тууган агасы Мухаммад Яхья экөө Гангох жергесине барып илим алуусун улантууну суранышат. Атасы макул болгон соң 1896-жылы алар Гангох жергесине илим алуу үчүн барышат. Бул мезгилдерде Гангох жергеси аалымдардын, суфийлердин байыр алган жери эле. Мухаммад Ильяс Кандахлеви Рашид Ахмад Гангохи аттуу аалымдан сабак ала баштайт. Кийинчерээк бул аалымга баят кылып, кол берет. 1905-жылы устаты Рашид Гангохи Ильяс Кандахлевинин колунда жан берет. Жаш аалым устатын Йасин менен түбөлүк ааламга узатат. Устатынын өлүмү аалымдын жан дүйнөсүнө таасир эткен эле. Бул окуядан кийин ал узак мөөнөткө инзивага б.а. сырткы дүйнөдөн алаканы бүтүндөй үзүп, аз жеп, аз уктап, убактысын жалаң гана зикир, ибадаттар менен өткөрүү жашоо образына кирип кетет.
1908-жыл. Ильяс Кандахлеви Деобанд жергесине барып, ал жерде Куран, хадис, фикх илимдерин алат. Айрыкча бул жерде Сахих Бухарий, Сунан-ы Тирмизий китептерин изилдеп чыгат. 1910-жылы Сехаренпур жергесиндеги Мезахирул Улум аттуу медреседе сабак бере баштады. 1914-жылы ажылык милдетин өтөө үчүн ажыга барат. 1917-жылы атасы кайтыш болот. Атасынан сабак алып жүргөн эл устазсыз калгандыктан ошол элге сабак бере баштайт.
Бул мезгилдер Англиянын колониясы болгон Индия эли үчүн оор мезгил эле. Колонизаторлор ар кандай чагымчылдык оюндарды уюштуруп, этникалык, диндер аралык жаңжалдарды чыгарып турган. Дегеле Индиянын колониялык тарыхын карап көрө турган болсок Англия тарабынан уюшулган мындай ич ара жаңжалдар өтө көп кездешет. Мусулмандар дининен алыстап кеткен эле. Жашоо турмуш оор болгондуктан эртеден кечке оор жумуштарда иштеген мусулмандардын, өз динин үйрөнүү үчүн шайы да келбей калчу. Ага кошумча мусулмандардын арасында индуизм ишеними да активдүү жайыла баштаган эле. Бул мезгилдери дегеле бүткүл дүйнө жүзү боюнча мусулмандар кыйынчылыкта, азапта эле. Бедиуззаман Саид Нурси ошол доордо “Эч үмүтсүздүкө түшпөгүлө! Келечектеги эң күчтүү үн, жаңырык-бул Исламдын үнү болот”-деп мусулмандар эч качан үмүтсүздүкө түшпөш керектигин айткан эле. Ошол сыяктуу эле мусулмандарга үмүт ыролоо ниетинде Ильяз Кандехлеви да 1925-жылы дагы бир жолу ажылык милдетин өтөө үчүн ажыга барат. Мекке жана Медина шаарларында 5 ай бою калат. Мекенине кайткандан кийин дин жайуу иш аракеттерин дагы да күчөтөт. Мусулмандардын акыретин куткаруу керек эле. Бул үчүн аябагандай чоң эмгек, мээнет талап кылынып турган. Ушул мезгилде Ильяз Кандехлеви Нух жергесинде калың мусулман катмарына кайрылуу жасайт. Бул кайрылуусунда Аллахтын жалгыздыгын, ибадат, адеп ахлак маселелерин дагы да жайылта алуу үчүн топ-топ болуп башка жактарга аттанууну сунуштайт. Натыйжада алгачкы ар бир мусулмандын милдети болгон даават иш аракеттери башталат.
1932-жылы үчүнчү жолу ажылык сапарына аттанат. Ажылыктан кайткандан кийин даават иш аракеттерине дагы да олуттуу киришет. Дин жаюу максатында топ-топ болуп сапарга чыккандардын саны күн өткөн сайын ийгиликтүү өсүп турду. Бул ыйык милдетти башка боордош өлкөлөргө да жаюу максатында достору менен 1938-жылы Хижазга сапар тартат. Ал жерде дүйнөнүн ар кайсы жерлеринен ажылык үчүн келген мусулман боордошторго дин жаюу иш-аракеттерин түшүндүрүү менен алек болду. Ал жактан мекенине кайткан соң ар кайсы аймактарга медреселер ачты. 1941-жылы 25 000 кишиден турган жамаатка кайрылуу жасады. Бул мезгилдерде Индия жергесиндеги башка жамааттар да Ильяс Кандехлевинин жамаатына кошулду. Талыкпаган эмгектин, мээнеттин натыйжасында мусулмандардын динге болгон кызыгуусу артып, Ильяз Кандехлевинин жамаатына эл агылып кире баштады. Өз өмүрүн дин мээнетине арнаган Мавлана Мухаммад Ильяз Кандехлеви 13-июль 1944-жылы Делиде түбөлүк ааламга сапар тартат. Бангла мечитине жакын жерге көмүлөт.
Аны дайыма мусулмандардын оор абалы кыйначу. Мусулмандардын мындай абалы динин кармабагандыктан улам болуп жаткандыгын айткан Ильяз Кандехлеви качан кайра дин менен жашаганда мусулмандарга бактылуулук кайтып келээрин айтчу дайыма...
Аллах өз мээримине бөлөсүн...
Ещё видео!