Манастын Сөзү. Манастын апрель өкуяларынан кийинки баяндарынан...
Манас кыргыз тууралуу:
*************************
Негизи Кыргыз дүйнѳдѳ калк го аты улук!
*********************************************
Кайратман адам калкымдан чыгып таңында,
Каржалып турган кыргызда сүйгѳн чагында,
Чар-тарап карап чаңкайган күндѳн сурады:
- Кыргызга күйгѳн адамдын тилейм багына,
Байкатпай эле асмандан консун алтын ай,
Кыргызды сүйгѳн адамдар толуп дагы да.
Дайранын сыры толкуса жээги шарпылдап,
Кудайдын берген күчүнѳ Асман шам чырак.
Кыргызым менин кыргызым эсен боло кѳр,
Кѳркоого дайым жем боло бербей калтырап.
Талашка түшкѳн жерлериң кайтып ала кѳр,
Келбесин эми башчылар арсыз, шалкылдак.
Байрагын кѳрүп сүрдѳнүп турса бѳтѳндѳр,
Алдыдан, арттан курала берет бекем эл.
Берешен кыргыз пейилиң оңдо турбастан,
Кыргыздан далай Эрендер чыгаар элим дээр.
Тентиген кыргыз теңдикти анан табышаар,
Чекеден дайым чылпылдап чыкпай муздак тер.
Муңканып карап муңумду четке какканда,
Ажайып нурлар тѳгүлүп турар асманда.
Айланам калкым, Айдың Кѳл кызың суранат,
Чачыла бербе кыйчалыш иштер басканда.
Байрагы кыргыз ак, кѳктѳн болуп желбиреп,
Турганда ишиң жазыла берет дастанда.
Дайраны бойлоп, ой ойлоп сыздап келгеним,
Кыргыздын жолун суранган улуу элденмин.
Эчкирип ыйлап турбасын кары, жаш балаң,
Белекке кетип калганда ыйык жерлериң.
Жергемде даңкан салгандар кимдер аңдай жүр,
Максатым менин дүйнѳгѳ ѳзүң теңдээрим.
Терс аяк кээси кемитип барса жолдоруң,
Кудайдан сурайм, Жараткан ѳзүң колдогун!
Коомайлык каптап турганда журтуң коргоочу -
Эр Манас менен бир болом кыргыз боорлорум!
Боюңа тарап ырыскы-кешик артылчу,
Тургузсак ѳлкѳ дегенде ыйык болжолум!
Ещё видео!