Каракол шаарында бир нече кылмышка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга жергиликтүү аялдардан үч арыз келип түшкөн. Түн ичинде аларга медициналык бет кап кийген белгисиз адам кол салганын айтышкан. Ал бычак менен коркутуп, жабырлануучулардын уюлдук телефонун тартып алган.
Жабырлануучулардын бири кол салган адам уюлдук телефонду тартып алганга чейин, аны зордуктоого аракет кылганын, экинчиси каршылык көрсөтүп жатып, катуу сабалгандыгын айткан. Акыркы жабырлануучу түндө медициналык маска кийген адам ал иштеген мейманканага кирип, балка менен башына уруп, бычак менен коркутканын айткан. Шектүү 6800 сомун алып, аялды зордуктап, качып кеткен.
Фактылар КЖБРге катталып, “Ден-соолукка оор залал келтирүү”, “Зордуктоо”, “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” жана “Каракчылык” беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы шектүү кечээ кармалган. Алдын ала сурак учурунда ал күнөөсүн мойнуна алган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Биздин сайт: [ Ссылка ]
Facebook [ Ссылка ]
Instagram : [ Ссылка ]
![](https://i.ytimg.com/vi/CtvJx_YDEjo/maxresdefault.jpg)