Кыргызстанда биринчи ирет өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусунан эмдөө башталды. 14-ноябрдан тарта 11 жаштагы кыздар акысыз эмделип жатат.
Бул пландык иштин негизги максаты — кыз-келиндердин жатын моюнчасындагы рак дартын жана анын кесепетинен болгон өлүмдүн алдын алуу.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянсак, Кыргызстанда жыл сайын 600гө жакын аял жатын моюнчасындагы рак илдетине чалдыгат. Алардын ичинен 300 чакты аял бул оорунун кесепетинен көз жумат.
Быйылкы окуу жылында 12 жаштан 14 жашка чейинки кыздарды да эмдөө пландалган. Мунун себебин Санэпид борборунун эмдөө бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова айтып берди.
Ошол эле учурда калк арасында бул эмдөөгө байланышкан ар кандай суроолор, жоромолдор айтылбай койгон жок. Тактап айтсак, кызын эмдетүүгө каршы чыккан ата-энелер да бар.
Акушер-гинеколог Арсен Аскеров эмдөө менен тукумсуздуктун байланышы жок деп белгилейт.
--- Официальный канал ИА АКИpress ---
Также смотрите и читайте нас по следующим ссылкам:
Наш сайт: [ Ссылка ]
Instagram: [ Ссылка ]
Страница в Facebook: [ Ссылка ]
Twitter: [ Ссылка ]
Телеграм: [ Ссылка ]
TikTok: [ Ссылка ]
Группа в VK: [ Ссылка ]
Ещё видео!