2-январь
Ыйса ɵлүмгɵ эмне кылды?
Жон Пайперден насаат сɵз
«Адам баласы бир ирет өлүп, андан кийин сотко келиши керек. Ошол сыяктуу эле көптөрдүн күнөөлөрүн Өз мойнуна алыш үчүн, Машаяк Өзүн бир ирет курмандыкка берди. Ал эми экинчи ирет күнөөдөн тазалоо үчүн эмес, Өзүн күтүп жаткандарды куткаруу үчүн келет» (Эврейлер 9:27-28).
Ыйсанын ɵлүмү күнɵɵлɵрдү айкаш жыгачка кɵтɵрдү. Мына ушул нерсе Машаякчылыктын, Жакшы Кабардын, бул дүйнɵдɵгү Кудайдын улуу куткаруу ишинин так борбору болуп саналат. Ыйса Ɵзүнүн ɵлүмү аркылуу бардык күнɵɵлɵрдү Ɵз мойнуна алды. Ал Ɵзүнɵ тиешелүү эмес күнɵɵлɵрдү мойнуна алган. Ал башкаларды күнɵɵлɵрүнɵн арылтыш үчүн, алардын күнɵɵлɵрү үчүн азап чеккен.
Муну сиз негизги көйгөй катары сезесизби же жокпу, сиздин жашооңуздагы эң чоң көйгөйдүн жообу мына ушул. Күнɵɵлүү болгонубузга карабастан, Кудай менен кантип туура мамиледе боло алабыз деген суроонун жообу бар. Мунун жообу тɵмɵнкүдɵй: Машаяктын ɵлүмү «көптөрдүн күнөөлөрүн Өз мойнуна алыш үчүн» чалынган курмандык.
Ал биздин күнөөлөрүбүздү көтөрүп, айкаш жыгачка алып барды жана биз татыктуу болгон өлүм менен ошол жерде өлдү.
Эми бул менин ɵлүмүм үчүн эмнени билдирет? «Мен бир ирет ɵлүшүм керек». Бул мен кылган күнɵɵлɵрүм үчүн жаза алуу дегенди билдирбейт. Менин ɵлүмүм мындан ары күнɵɵ үчүн кесилген жаза эмес. Менин күнɵɵлɵрүм жоюлду. Алар Ыйсанын ɵлүмү менен алынып салынды. Жаза Машаяка кесилди.
Анда эмне үчүн мен дагы деле ɵлүмдɵн кутулган жокмун? Анткени Кудай ɵлүмдү күнөөнүн өтө коркунучтуу экендигинин туруктуу күбөсү катары кɵрсɵтүш үчүн, бул дүйнөдө, атүгүл Ɵз балдарынын арасында да убактылуу калтырып турууну туура кɵргɵн.
Бирок ɵлүм мындан ары Кудайдын балдары үчүн Анын аларга каршы каары болбой калды. Ɵлүм биздин айыптоого эмес, куткарылууга киришибиз болуп калды.
Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот:
💻 Сайт: [ Ссылка ]
📲 Instagram: [ Ссылка ]
🎵 Facebook: [ Ссылка ]
🎼Twitter: [ Ссылка ]
📸Telegram: [ Ссылка ]
![](https://i.ytimg.com/vi/DKgo_SBENPY/mqdefault.jpg)