Премьера альбома
Токтобек Асаналиев - Көчмөндөр Ыры (Official album)
Слушать / Скачать: [ Ссылка ]
Follow Toktobek Asanaliev:
[ Ссылка ]==
[ Ссылка ]
Ат-Башым
Сөзү: Шайлообек Дүйшеев
Обону: Айбек Карымов
Аткаруучу: Токтобек Асаналиев
Толкуган булаң чөп жашыл,
Толукшуп турган төш жашыл.
Тоосундай сулуу Ат-Башым,
Токойлуу дайра көк-жашыл.
Бороондуу талаа жылгаңан,
Боз тулпар сызып туйлаган.
Бото көз Чатыр-Көл дайым ай,
Боогачы болуп ырдаган.
Кайберен талаа жылгаңан,
Карагер тулпар туйлаган.
Кара көз Чатыр-Көл дайым,
Казыбек болуп ырдаган.
Ак булут жүргөн асманым,
Ажайып сендей таппадым.
Аргымак чапкан асыл жер,
Арашан, Арпа, Ак-Сайың.
Кайырма:
Бороондуу талаа жылгаңан,
Боз тулпар сызып туйлаган.
Бото көз Чатыр-Көл дайым ай,
Боогачы болуп ырдаган.
Кайберен талаа жылгаңан,
Карагер тулпар туйлаган.
Кара көз Чатыр-Көл дайым ай,
Казыбек болуп ырдаган.
Ат-Башым абал кут жанган,
Адыры шыбак жыттанган.
Айланып сенден кете албай,
Алмамбет арзып куш салган.
Кайырма:
Бороондуу талаа жылгаңын,
Боз тулпар сызып туйлаган.
Бото көз Чатыр-Көл дайыма,
Боогачы болуп ырдаган.
Кайберен талаа жылгаңаң,
Карагер тулпар туйлаган.
Кара көз Чатыр-Көл дайым ай,
Казыбек болуп ырдаган.
Кол булгап далай жыл өттү,
Козголуп далай эл өттү.
Кошулуп Манас бул жерден,
Кошоюн тапкан эмеспи.
Айкөлүң Манас бул жерден,
Абасын тапкан эмеспи.
Кайырма:
Бороондуу талаа жылгаңан,
Боз тулпар сызып туйлаган.
Бото көз Чатыр-Көл дайым ай,
Боогачы болуп ырдаган.
Кайберен талаа жылгаңан,
Карагер тулпар туйлаган.
Кара көз Чатыр-Көл дайым ай,
Казыбек болуп ырдаган.
![](https://i.ytimg.com/vi/DmLObeiBjuw/maxresdefault.jpg)