Бирөө Хасан Басрийге келип:
- “Мен “Ар бир күнөөгө жаза бар” - деп уктум. Көптөгөн күнөөлөрдү кылдым, бирок жазаланган жокмун!” – деп айтканда, мындай деп жооп берген экен:
- Оо, балам, Алла сени канча жолу жазалады, сен аны билген жоксуң.
- Кантип?
- Жалгыз калып, Аллага жалынуунун лаззатын сенден алып койгон жокпу?
• Курандын бетин ачпаган канчалаган күндөрүң өттү?
• Түнкү намаз окубаган канчалаган түндөрүң өттү?
• Тилиңди Алланы эстөөдөн бууп койгон жокпу?
• Байлыкты, кадыр-барк, даңкты сүйүү менен сынаган жокпу?
• Ибадат кылуу жүрөгүңө оор болгон жокпу?
• Гыйбат кылуу, жалган айтууну жеңил кылган жокпу?
• Акыреттин камын жүрөгүңдөн алып салып, эң чоң камың – дүнүйө болгон жокпу?
Көптөгөн күнөөлөрдү кылдым, бирок жазаланган жокмун!
Теги
АМАНАТMEDiA2020аманат медиабаяндархадистерокуяларикаяларсабактарсеминарларкураннасаатминбартакыбаустазшейхмугалимокуучушакиртибаадатисламомуролумнамаззекетажыумрасаждакыргызстанбишкекмечитимамамирсадакаилимбилимжамаатхиджабсакалдарсдаараттесмежаназаакыреткыяматкаапырааламзилзаланашидсырустазааалымтарбиятаалимшамбагымдатбешимдигеркуптанорозорамазанинсанадампендепериштепайгамбармурассоодахалалхарамакыйкануртообаКадырбеков