#АйчүрөкИманалиева #Ретроыр #80х90жылдар
Айчүрөк Иманалиева
"Кызыл гүл
Кызыл гүлдү байкадым бир бакчадан,
Кызыккандар ал бакчага батпаган.
Көргөндө эле көөнүм түштү ал гүлгө,
Эмнеге аны байкабадым баштатан?
Кайырма:
Бакта өскөн кызыл гүл, неге мынча назиксиң?
Багбан жумшап көп эмгек, абдан назик өсүпсүң.
Ай-ай, кызыл гүл, табийгатың буйруган,
Ой-ой, кызыл гүл, гүл экенсиң ушундай,
Куштар кылган адамды искейм кантип жытыңды?
Табийгаттын өзү багып көрк берген,
Өзүңдү мен кызыл гүлгө теңегем.
Эл кыдырып издегеним өзүңсүң,
Табылдыңбы, кызыл гүлдү издегем.
Кайырма:
Солкулдаган гүлдү көрүп бактагы,
Созолонгон булбул болдум шактагы.
О, кызыл гүл, жүрөк дартын түшүнчү,
Болжошолу жолугушчу аптаны.
![](https://i.ytimg.com/vi/GIgwJnlPI_Q/maxresdefault.jpg)