Ноокат районундагы жергиликтүү үңкүрлөрдө жарганаттын уясын издеген жашоочулар көбөйүп баштады. Социалдык тармактарда да жарганаттын уясы боюнча билдирүүлөр тарап жатат. Айрымдар бир уянын баасы 5-7 миң доллар экенин айтса, кээ бири анын 1 граммы 1000 долларга бааланарын айтат.
Такталбаган маалыматтар боюнча, бул уялардагы суюктук инсульттан кийин организмди калыбына келтирүүгө жана рактын айрым түрлөрүн айыктырууга жардам берет.
![](https://i.ytimg.com/vi/GvU-KFpJdZ0/maxresdefault.jpg)