Кыргыз тилиндеги бардык маалыматтар akipress.org/kg сайтында.
***
Япониядагы саякат кемесинде экипаждын мүчөсү болгон кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталды. Бул малымат 26-февралда кечинде белгилүү болгон. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 28-февралда гана билдирди.
Кыргызстандык жарандан оорунун жеңил түрү тастыкталган. Ал Японияда дарыланып жатат.
Бүгүн, 28-февралга карата Кыргызстандын аймагында коронавирус катталган жок. Алдын алуучу тийиштүү иш-чаралар уланып жатат.
barakelde.org/news:390035
***
Бишкек шаардык соту блогер Элмир Сыдымановдун («Sydyman») баш коргоо чарасын өзгөрттү. Ал үй камагына чыгарылды. Буга чейин райондук сот 2 ай камакта болсун деп чечкен.
barakelde.org/news:390024
***
Моңголия Кытайга коронавирус менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүп, 30 миң кой берди. Моңгол президенти Халтмаагийн Баттулга жардам тууралуу расмий катты Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге кечээ, 27-февралда тапшырган. Ал коронавирус чыккандан бери Кытайга барган биринчи президент.
Моңгол президенти жана аны коштоп барган бир катар бийлик өкүлдөрү эрежеге ылайык 14 күнгө карантинге алынды.
barakelde.org/news:390022
barakelde.org/news:390027
***
Кечээ Талас шаарындагы унаа кырсыктан адам өмүрү кыйылды. 70 жаштагы айдоочу унаасы менен 37 жаштагы аял кишини сүзүп кеткен. Жабырлануучу оор жаракаттын кесепетинен ошол жерде көз жумган.
turmush.kg/news:390059
***
Ирандын аялдар жана үй-бүлө иши боюнча вице-президенти Масуме Эбтекар кайым коронавирус жуктурду. Ал ооруну жайылтпоо үчүн үйүндө карантинде болот.
Буга чейин Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басарынан да коронавирус аныкталганы маалым болгон.
barakelde.org/news:390063
---------------------------------------------------------------------------------------------
Официальный канал ИА АКИpress
Также смотрите и читайте нас по следующим ссылкам:
Наш сайт: [ Ссылка ]
Instagram: [ Ссылка ]
Страница в Facebook: [ Ссылка ]
Twitter: [ Ссылка ]
Телеграм: [ Ссылка ]
Группа в VK: [ Ссылка ]
Ещё видео!