Интернет коому (Internet Society, ISOC) - интернеттин өнүгүшүнө жана жеткиликтүүлүгүнө арналган эл аралык кесиптик уюм. Уюмдун 80 миңден ашуун мүчөсү, дүйнө жүзү боюнча 111 филиалы бар.
2015 -жылдын 25 -ноябрында ISOC Кыргызстан бөлүмүнүн расмий ачылышы болуп өткөн.
ISOC Кыргызстан Бөлүмүнүн негиздөөчү мүчөлөрүнүн арасында мамлекеттик уюмдардын, профессионалдуу телекоммуникация коомчулугунун, бизнес структуралардын өкүлдөрү, ар кандай чөйрөдөгү белгилүү эксперттер бар.
Иш-чара интернеттин кыргыз сегментин, өзүнүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү контентти түзүүгө, Кыргызстанда интернеттин андан ары өнүгүүсү жана анын коопсуз иштешин камсыз кылуу боюнча ачык талкууларды жүргүзүүгө, интернеттин пайдасы үчүн колдонулган оң курал катары популяризациялоого багытталган.
ISOC Кыргызстан Бөлүмү иштин биринчи жылында: республиканын тоолуу жана алыскы аймактарында зымсыз интернетке жетүүнү камсыз кылуу, айылдык мектептерде интернетке кирүүнү камсыздоо сыяктуу долбоорлорду ишке ашырды жана азыр ачык билим берүү платформасын активдүү иштеп чыгууда.
ilimbox.kg - Кыргызстандагы кыргыз тилдүү мектептерге алгачкы онлайн билим берүү платформасы.
Дистанттык окутууга мүмкүндүк берген система. Платформанын жардамы менен онлайн сабактарды окууга, окуучулар менен мугалимдердин өз ара аракеттешүүсүн уюштуруп, окуу жыйынтыктарына баа бере алат.
Кененирээк маалымат алуу үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз: [ Ссылка ]
Жаңылыктарды расмий баракчаларыбыздан байкап туруңуз,
биздин "Instagram" ([ Ссылка ])
жана «Facebook» ([ Ссылка ]).
#isoc
#ilimbox
#билим_берүү_платформасы
Ещё видео!