Балдар-жаныбызда бизди кубантып, жылмаюу тартуулап турган периштелер. Баарыбыз кудайдан алардын бактысын тилеп, кең келечек каалайбыз. Туурабы? Эгер, чындап кааласак, балдарыбыздын алдындагы өзүбүздүн жүрүм-турум, сүйлөгөн сөзүбүзгө сырттан көз сала жүрүшүбүз керек. Балким, ката кетирип жаткандырбыз.
Чындыгында, «Бул азыр бала», «түшүнбөйт» деп, балдарыбыздын алдында көп каталарга жол беребиз. Мисалы: Бири-бирине ачууланган ата-эне көчөдөн ачуусун эптеп кармап үйүнө келет да, дароо уруша баштайт. Же болбосо, кээде мейман үйдөн кетээри менен жаңжал башталат. Ал эми үйдө ким бар? Албетте, аларды чочулай карап турган бала.
![](https://i.ytimg.com/vi/JcOp_290G4g/maxresdefault.jpg)