Бир күнү Намрут Ибрахим алейхиссаламды отко ыргытууга чечим чыгарат. Ушунчалык чоң от жаккандыктан өзү дагы отко жакындай албайт. Бир мубарек зат караса бир кумурска оозуна суу алып, отту өчүрүш үчүн алыстан келаткан болот. Бирок, жакын бара албайт. Оозундагы суусун отко жакын бир жерге алып барып таштайт. Олуя зат андан сурайт экен:- Сен эмне кылып жатасың? Анда кумурска айтат:- Ошону сураба, Аллахтын Пайгамбарын өрттөгөнү жатышат. Отту өчүргөнгө аракет кылып жатам. Олуя зат кайра сурайт:- Сен көтөрүп келген бир тамчы сууң менен бул тоодой болгон от өчмөк беле?- Анда кумурска: Аллаху таала ар кимден күчүнө жараша эсеп сурайт. Менин күчүм ушунчалык деп жооп берген экен.
✍️Текст "Ибреттүү окуялар" 📙китебинен алынды.
=======================================
Instagram баракчабыз:
[ Ссылка ]
Facebook баракчабыз:
[ Ссылка ]
Telegram каналыбыз:
[ Ссылка ]
Каналдын өнүгүшүнө өз салыңызды кошом десеңиз:
ЭлСом капчык - +996507044900
=======================================
Видеолорду көрүп, каналга катталыныздар! Кандай видеолорду көргүңүз келээрин жана кайсыл каталарыбызды оңдошубуз керектигин комментарийге сунуш-пикир, колдоо катары жазып койсоңуз абдан мыкты болот! Анан да лайк баскандан жана видеолорду досторуңуздар менен бөлүшкөндөн эч уялбаңыздар :)
#БилипАЛ
#КумурскаОкуясы
#ИбреттүүОкуялар
Ещё видео!