Эсимде командасы И.Арабаев атындагы КМУнун М.Р.Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун Психология-педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасы менен биргеликте «ҮкҮ» талкуу аянтчасында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата «Экинчи дүйнөлүк согуш жана эс тутум» аттуу эл аралык вебинар-семинарын өткөрдү. Эл аралык вебинар-семинарда Эльмира Ногойбаева, “Эсимде” долбоорунун жетекчиси, тарыхчылар жана изилдөөчүлөр Абдалиева Гульзада (Бишкек, Кыргызстан), Далаева Тенлик (Алматы, Казахстан), Эсеналиева Гу лжамал (Нарын, Кыргызстан), Моймол Жусупова (Талас, Кыргызстан), Токтогулова Гүлжамал (Жалал-Абад, Кыргызстан), Абдрасулова Эльмира (Бишкек, Кыргызстан), Венера жана Ырыс Жумалиевалар (Бишкек, Кыргызстан) катышышты.
![](https://i.ytimg.com/vi/L0aqvKzfIfM/maxresdefault.jpg)