Канжар Чодошев
"Ойлодуң бекен?"
с.о. Т.Актанов
Башкага көңүл бурулбай,
Бал уйкум качат куюндай.
Отурам жалгыз сени ойлоп,
Отурам карек жумулбай.
Атканы калды таң дагы,
А бирок уйкум канбады.
Ойлодуң бекен мага окшоп,
Ойлодуң бекен сен дагы?
Күндөрүм мезгил камчылап,
Билинбей өттү канча убак?
Үмүтүм менин жанымда,
Үлбүлдөйт жалгыз шам чырак.
Муз беле сенин жүрөгүң?
Муңканып ыйлап жүрөмүн.
Мурдатан неге айтпадың,
Сүйгөнү белең бирөөнүн?
#monomedia
Ойлодун бекен - Канжар Чодошев
Теги
Айбек Акматоваккордеонаккордеон ырларыэлдик таланттаркомуз ырларыгитара ырларыжаш талантНурайым АкылбековаАйданекКанжар ЧодошевРуслан АкматбековЯмаха ырларыМырзабек ЧолпоновАкылнуруЫрлармузыкатойду жардыAIBA MEDIAАйба Медиамоно медиаmono mediamonomediaмономедиаИзат АйдаркуловаКанат Асаналиеволтурам жалгыз сени ойлопойлодоун бекенотурам жалгызсени ойлопсагындым менКанжар мырза