Эгерде Сиздин кыймылсыз мүлкүңүз (батир же үйүңүз) 2012-жылдын аягына чейин сатып алынган жана сиздин менчигиңизде эки жылдан аз убакта турган болсо, ал эми Сиз аны сатууда киреше салыгын азайтууну кааласаңыз (бул кыймылсыз мүлктү сатуудагы бардык наркынын 10%), анда легалдаштыруу -- Сиздин мүмкүнчүлүгүңүз!
Мамлекеттик нотариустан Кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларациянын бланкын аласыз; Декларацияга кыймылсыз мүлкүңүздүн базардагы анык баасын көрсөтүңүз; Эсиңизде болсун, легалдаштыруучу кампания мезгилинде (2013-жылдын декабрь айынын аягына чейин) өзүңүздүн кирешелериңиз жана мүлкүңүздү декларациялоо менен Сиз бул мүлкүңүздүн наркына болгон салыкты төлөөдөн бошотуласыз. Кыймылсыз мүлктүн бул объектисин сатууда Сиз легалдаштыруу жөнүндө декларацияңызда көрсөтүлгөн наркы менен сатуудагы баанын ортосундагы айырмасынан гана киреше салыгын төлөйсүз.
Бардык маалыматтарды Салык кызматынын Маалымат борборунун 194 номери аркылу же www.sti.gov.kg жана www.nalogi.kg сайттарынан ала аласыз.
![](https://i.ytimg.com/vi/LJsjMGLhqSY/maxresdefault.jpg)