Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чек арачылары ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Лейлек районундагы «Футбол аянтчасы» участогунда тажикстандык аскерлер эскертүү ирээтинде асманга ок чыгарышкан. Окуя кечээ, саат 17:10дор чамасында болгон. Чек ара аймагында аскерлердин атайын жүрүм-турум линиясы бар. Келишпестик тажик аскерлери тарабынан мамлекеттик чек араны бузгандан келип чыккан. Тажик чек арачылары "Футбол аянты" жеринде соода кылып жаткан КР жарандарын кууп чыккан. Кыргызстандыктар менен тажик чек арачыларынын ортосундагы жаңжал КР чек арачыларынын келиши менен жөнгө салынган. Кыргызстандын чек арачылары кесиптештерине маселени мындай жол менен чечүү туура эместигин эскертип, тажик жоокерлери тактала элек жерде мыйзамсыз жүргөнүн айтып, чыгып кетүүсүн талап кылышкан", — деп айтылат маалыматта. Ал эми эки мамлекеттин чек арачылары жолугуп, тактала элек чек ара сызыгында өзүн алып жүрүү эрежесин мындан ары бузбоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, кармаган тажик аскери коңшуларга өткөрүп берилген.
Мы показываем то, о чем другие молчат. Узнай правду вместе с нами! Подписывайтесь на наш канал!
![](https://i.ytimg.com/vi/LR1zArv8U_w/maxresdefault.jpg)