Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов:
Кыргызда укмуш сөз бар, "кыз алышпаган туугандар" деген. Себеби өтө жакын туугандарды кыз алышпаган туугандар дейт экен. Жакын туугандарды кыз беришпеген, кыз алышпаган туугандар дейт. Жети атадан тараган урук өзүнүн ичинен кыздарды алышкан эмес.
Кан жаңырталы, тамыр сиңдирелик, сөөк жаңырталы деген сөздөр бекеринен чыккан эмес. Сөөк жаңырталы дегенде Алайдан чыккан сулууга Көлдөн чыккан көп жигиттер ашык болгон. Нарындан, Таласка, Таластан Нарынга кыз кабары кылып айттырышып, аң уулашып, анан ушундай жакшы нарк-насил менен үйлөнүп турушкан.
![](https://i.ytimg.com/vi/L_65bEiDYpc/maxresdefault.jpg)