Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов жана "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Кыргызстанда уран кенин изилдөөгө, чалгындоого жана казууга 2070-жылга чейин мораторий киргизүү боюнча” мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” демилгечилердин бири, депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
- Уран бул өтө кымбат кен байлык. Бирок, андан чыккан радиация экологияга жана адамдын ден соолугуна эбегейсиз коркунуч алып келет. Ошондуктан 2070-жылга чейин мораторий киргизип койсок, эч ким муну буза албайт. Эл буга жол бербейт. Ал эми 2070-жылдан кийин жаңы доор келет. Анда эң акыркы технология менен жаңы урпак өзү казып алсын.
22-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырган.
Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай соңку күндөрү күчөдү. Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат.
[ Ссылка ]
Уран чыры: Өкмөт МАГАТЭге кайрылат
[ Ссылка ]
Ещё видео!