Орусинын Биринчи каналындагы "Голос" долбоору
Кайрат Примбердиев
Муса Баетовдун "Сагынам" чыгармасынан үзүндү
Сагынам гана сени оой ойлонуп,
Самадым гана эстеп иий кадырың.
Кайсы эле гана күнү аай өчүрөм,
Жүрөктүн гана күйгөн ии, иий, оо жалынын, аа иий жалынын?
Сөзү: Муса Баетов
Обону: Муса Баетов
Сагынам сени ойлонуп,
Санадым эстеп кадырың.
Кайсы эле күнү өчүрөм,
Жүрөктүн күйгөн жалынын?
Аттандым алыс эртеси,
Алтыным мында келсечи.
Айлыңда жүрөт булбулу,
Акындын сүйгөн эркеси.
Айтайын тилим сайратып,
Ашкере ичти кайнатып.
Алтыным аман бар бекен,
Аркардай көзүн жайнатып?
Ар ким ойлойт сүйгөнүн,
Алтыным аман жүрөбү?
Аралаш ойноп бир жүргөн,
Акындын сүйгөн чүрөгү.
![](https://i.ytimg.com/vi/NxZetzPM5B8/maxresdefault.jpg)