Теректер Борбор Азиядагы агротокойчулук системаларынын негизги түзүүчүлөрү болуп саналат, ал эми токой тилкелери - негизги агротокой системаларынын бир түрү. Алар микроклиматын жакшырышына жардам берип, айыл чарбада сууну керектөөсүн кыскартат. Андан сырткары климаттын өзгөрүшүнө жана топурак кыртышынын эрозияга туруктуулугун жогорулатууга жардам берет. Борбордук Азияда айыл чарба тармагы сугатка көз каранды болгондуктан, бул тармакка жумшалчу суунун жетишсиздиги климаттын өзгөрүүсүнүн алкагында жогорулайт деп күтүлүүдө. Теректерден куруучу материал жана отун алынып, дыйкандар үчүн үнөмдүү жана экономикалык жактан кирешелүү болуп келет. Ошондуктан, Дүйнөлүк Агротокой Борборунун (ICRAF) Борбордук Азиядагы офисинде- "Борбордук Азиядагы агротокойчулуктун - экологиялык жана экономикалык пайдасы" деп аталган видеолордун сериялары ASA долбоорунун алкагында даярдалды (Engagement Global, GIZтин жетекчилиги астында).
Бул видео биринчиден, Борбордук Азиядагы негизги агротокойчулук системаларын жана алардын негизги максатын, андан сырткары, теректер токой тилкелериндеги негизги дарак болуп саналгандыгы тууралуу түшүндүрүлөт. Экинчиден, ICRAF тын бул аймактагы теректерди изилдөөсү, аны отургузуу жана башкаруу боюнча практикалык сунуштарды берилет. Видеонун аягында, Борбордук Азиядагы агротокойчулуктун келечеги жөнүндө сөз болмокчу.
![](https://i.ytimg.com/vi/O8lBrg1-WeA/mqdefault.jpg)