Салам, достор!
Баарыңыздарга белгилүү болгондой эле биз катталуучуларыбыздын саны 20 000 ге жеткен учурда Саадатбек Мырзакул уулунун "Контрабанда" чыгармасын толугу менен чыгарууга сөз бергенбиз.
Чыгарманы аудиолоштурууда кетирилген тилдик катачылыктар үчүн алдын ала кечирим сурайбыз!
Сиздерден өтүнүчүбүз: сунуш иретинде пикир айтсаңыздар туура кабыл аламын. А бирок кээ бир катталуучуларыбыз сын маанисинде акыркы күндөрү көп негативдүү пикирлерди жаза башташты.
Мен эч бир катталуучуну кармап тура албаймын! Бул ар бир адамдын өз эрки. Андыктан биз аудиолоштурган китептер жакпаса, анда жөн гана бизди отписка кылып коюшуңузду суранабыз!
Баарыңыздарга жагымдуу угуу каалаймын!
Ар бир каналыбыздын катталуучусун терең урматтоо менен, ИЛГИЗ ШАМЫРЗАЕВ!
![](https://i.ytimg.com/vi/OPP04jnweSI/maxresdefault.jpg)