Үйдүн энергиясы эмнеден жана кантип начарлашы мүмкүн?
Энергияны биз көзүбүз менен көрбөсөк дагы, аларды ар жерден кездештирүүгө болот. Мисалга, башка адамдардын арам ойлору, жаман ниеттери жана суук көздөрү үйдө терс энергия жаратышы мүмкүн.
Ошол эле учурда, ал үйдөгү адамдардын кантип кыймылдагандары да кандайдыр бир энергияны сактайт. Үйдүн ичинде уруш-талаштар көп болсо дагы, алар терс энергияны пайда кылат. Алардан канткенде оолак боло алабыз?
Үйдү жыйноо
Үйдөгү терс энергиялардан кутулуунун эң оңой жолу-үйдү жакшылап жыйнап, тазалоо болуп саналат. Үйүңүздү жыйнаган сайын сиз чаңдар аркылуу, жаман энергиялардан арылган болосуз.
Эмерекетериңиздин ордун алмаштырыңыз
Үйүңүздү жакшылап карап чыгып, эмеректериңиздин туура коюлушуна көңүл бөлүңүз. Себеби, туура жерде орун албаган эмеректер үй ичинде терс энергияны пайда кылат.
Терезелерди тазалап жуу
Күн - жердеги бардык тиричиликтин көзү. Күндүн энергиясы биз үчүн абдан пайдалуу жана маанилүү. Ошондуктан күндүн энергиясы, үйдөгү терс энергияларды тазалоодо маанилүү. Күндүз пардаларыңызды толук ачып, бир жылда төрт ирет терезелериңизди жууп туруңуз.
(Эски буюмдардан кутулуу
Биз адамдар керек жана керексиз буюмдарды жыйнап, топтой берген адатыбыз бар. Дал ошол көптөн бери колдонбогон буюмдар терс энергияларды жаратат. Андыктан, эринбестен бир күнүңүздү арнап, керексиз буюдарыңызды өрттөп чыгыңыз.)
Арча менен аластоо
Арча өсүмдүгү үй ичинде көзгө көрүнбөгөн зыяндуу нерселерди жок кыла алат. Ошондуктан, жумасына эки ирет үйүңүздү арчалап туруңуз.
Ещё видео!