Белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловду акыркы сапарга узатуу зыйнатына эл топтолуп жатат.
Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, районго маркумдун сөөгү келе элек. Бирок көрүстөнгө Чубак ажы Жалиловду жерге берүүгө бара жаткан элдин агымы көп.
Буга чейин диний ишмер, Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө оор абалда түшкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирген болчу.
«Ал 10-июлда түндө оор формадагы эки тараптуу пневмония менен ооруканага жаткырылган. 3-даражадагы дем алуунун жетишсиздиги жана кант диабети болгон», - деп айтылат билдирүүдө.
11-июлда түнкү саат 02:50дө Ч.Жалилов көз жумган. Ал 45 жашта болчу.
[ Ссылка ]
Ещё видео!