Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Германиянын Берлин шаарына иш сапары менен барды. Бул сапар Федералдык канцлер Олаф Шольцтун чакыруусу менен уюштурулду.
Президенттик администрациянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учак «Берлин-Бранденрбург» эл аралык аэропортуна конду. Аэропорттон Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жубайы Айгүл Текебаев менен бирге тосуп алды.
![](https://i.ytimg.com/vi/Q2oaMMvk4i4/maxresdefault.jpg)