Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Кеңеш Салихов билдирди.
Маалыматка караганда, 16-сентябрда Лейлек районунун Максат айылында такталбаган аймактарга курулуш куруунун кесепетинен чыккан чырдын аягы кыргыз-тажик чек арачыларынын атышуусу менен аяктап, бир топ зыян алып келген. Анын негизинде эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Анда эки тарап тең такталбаган жерге курулуш курууну токтотушу керектиги айтылган.
Бүгүнкү күндө Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында тажик тарап жүргүзүп жаткан курулуш иштери токтотулуп, атайын техникалар пайдубалдарды бузуп жатат. Тажик тараптын Максат айылындагы Кык жайлоосу жактагы курулуш иштери да токтотулду. Ошол эле учурда кыргыз тараптан жүрүп жаткан курулуш иштери да токтотулду.
Ещё видео!