Бүгүн, 17-январда ИИМ 2019-жылы катталган үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары тууралуу журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү.
ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Улан Рысбековдун айтымында, 2019-жылдын ичинде 6 миң 145 үй-бүлөлүк зомбулук, анын ичинен физикалык, психологиялык, сексуалдык зомбулук фактылары катталган. Республиканын ички иштер органдары тарабынан 6 миң 145 коргоо ордери (жабыр тарткан аялдарды коргоодо – 5 миң 752, жабыр тарткан эркектерге – 393, ал эми жашы жете электерди коргоо үчүн – 168 коргоо ордери) берилген. Коргоо ордери 3 күндөн 30 күнгө чейин берилет. Жоруктар тууралуу кодекстин 76-беренесине (Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо) ылайык, коргоо ордерин шарттарын бузгандарга ири өлчөмдө айыппул же коомдук жумуштар каралган. Айып пулдар үй-бүлөлүк бюджеттин эсебинен төлөнгөндүктөн айрым учурда зомбулук көргөндөр коргоо ордеринен баш тартышат. Мындан улам, каттоого алынган фактылар менен коргоо ордерлеринин ортосунда айырма чыгууда
Улан Рысбековдун ушундай маалыматынан кийин ага: “Жабыр тарткан эркектерге – 393 коргоо ордери берилген” дединиз, муну кандай түшүнсө болот?”,-деген суроо журналисттер тарабынан узатылды. Ал: “үй-бүлөлүк зомбулукка эркектер да кабылат. Күйөөсүн ур-токмокко алып, үйүнөн кууп чыккан аялдар бар», – деди. ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов кайын энесине кол көтөргөн аялдар да бар экенин кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday.kg
![](https://i.ytimg.com/vi/R1dTVpJZC_w/mqdefault.jpg)