Сузактын Кызыл-Туу айыл аймагынын Бостон айылында 40 сотых жер талашка түштү. Анда “Рамаш” өндүрүштүк коммерциялык фирмасынын директору 7-каналга кайрылып, аталган жерди айыл башчы талашып жатканын билдирди. Ушул тапта 40 сотых жерди эки тарап тең ээси "менмин" деп чыгууда. Бирок тараптар бири-бирин жасалма документ менен жүрөт деп күнөө артып жатат.
![](https://i.ytimg.com/vi/RQ01m6JNhj0/maxresdefault.jpg)