Бишкектин негизги таштанды чогултуучу жайында 2,5 миң чарчы метр жери өрттөндү. 28-майга караган түнү кеч 21:00дө башталган “тилсиз жоону” өрт өчүрүүчүлөр таңкы саат алтыга араң өчүрүшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн 90 тонна суу керектелгенин өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Кырсык адам өмүрүнө коркунуч келген жок. Бирок алдын ала чыккан маалыматтарга ылайык өрттү кимдир бирөөлөр атайын чыгарган болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Кантсе да мында акыр-чикир менен иштегендер мындай өрт таштанды жайда күн алыс орун алып тураарын айтышат. Учурда бул жерди толтура түтүн каптап, таштанды дөңсөөлөр капкара болуп калды. Бирок мында иштегендер ошого карабай бири таштандыларды таптап жатса, бири андан акыр-чикирлерди соттоп жүрүшөт. Бишкек шаарына караштуу Санитардык полигон ишканасынын көзөмөлүндөгү шаардык таштанды талаасында учурд 6 млн тоннадан ашык акыр-чикир бар. Дээрлик 30 гектар жер катмар-катмар таштандыга толгон. Бишкекте таштанды төкчү башка жай жок болгондуктан иттин өлүгүнөн баштап, тамак-ашка чейин ушул жерге чогулат.
Ещё видео!