НООКАТ: селдин кесепетинен каза болгодордун саны 7ге жетти.
Издөө иш чараларынын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан дагы 1 жарандардын жансыз денеси табылды.
Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында жалпы 7 атуулдун жансыз денеси ӨКМ тарабынан табылып, алар 2005-жылы туулган К.Б., 2008-жылы туулган М.Б., 2012-жылы туулган Ж.А., 2013-жылы туулган М.кызы И., 2016-жылы туулган М.уулу И. 2013-жылы туулган К.Б. жана 1976-жылы туулган Ж.А. экендиги аныкталды.
Белгилей кетсек 2024-жылдын 29-июнь күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы түнкү саат 03:00 чамасында “Ай гай” белгиси боюнча түп көтөрүлүп, Ноокат районунун сел аккан аймагына жөнөп кетишкен.
Саат таңкы саат 06:00 чамасында окуя болгон жерге жетип барышып, сууга агып кеткендери издөө иштерин баштаган. Ошондой эле, жайлоодо жана эс алуучу жайларда аккан суунун агымы чоң болуп өтө албай калып кеткен жарандарды алып өтүү максатында жасалма көпүрөлөрдү орното башташкан. Милиция кызматкерлери жасалган көпүрөлөр аркылуу жана кээ бир жерлерде аркан тартышып, суу кечишип, жарандарды коопсуз жайга алып өтүшкөн.
Учурда издөө иштери жана селдин кесепетинен зыян тарткан жерлерди калыбына келтирүү иштери уланууда.
Ещё видео!