Гулзат Байзакова - КЫЗ УЗАТУУ | элди ыйлатты
#KUTTV #кызузатуу #тойдо #гулзатбайзакова
Ырчы Гүлзат Байзакова 1965-жылы 23-ноябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Көл-Төр айылында туулган. Гүлзат ЭЖЕ үйдүн төртүнчү баласы. Ырчынын бала кези тоо койнунда өткөн. Мектеп курагында волейболду жакшы көрчү, студент кезинде да топту мыкты ойногон.
Жолдошу Ишен Календеров менен опера жана балет театрынын студиясында окуп жүргөндө таанышкан. Жубайлар эки уулдун ата-энеси. Улуусу Камбар Улуттук консерваториянын композитор бөлүмүндө билим алса, кичүүсү Эмил Күрөңкеев атындагы училищени бүтүп, Улуттук консерваториянын виолончель бөлүмүндө окуган. Улуу баласы үй-бүлөнү келиндүү кылган.
Ещё видео!