Мээримдүү жана ырайымдуу Аллахтын ысмы менен
СӨЗ БАШЫ
Билгин, сага Аллах Таала ырайым кылсын, бизге төрт маселени үйрөнүү ваажыб:
Биринчиси: Илим: бул — Аллахты, Анын пайгамбарын жана Ислам динин далилдери менен таанып-билүү.
Экинчиси: Бул илимге амал кылуу.
Үчүнчүсү: Ага чакыруу (даават кылуу).
Төртүнчүсү: Бул жолдогу кыйынчылыктарга сабыр кылуу.
Буга далил — Аллахтын төмөнкү сөздөрү: Мээримдүү жана ырайымдуу Аллахтын ысмы менен баштаймын:
«Асырга ант! Албетте, (ар бир) инсан зыянда! Бир гана, ыйман келтирген, жакшы амалдарды жасаган жана бири-бирине акыйкаттык менен сабырдуулукту насаат кылгандар (зыянда эмес)» (Асыр сүрөсү: 1-3).
Имам Шафи’ий (ага Аллахтын ырайымы болсун) айтты: “Эгерде Аллах Таала адамдарга бул сүрөдөн башка эч бир далил түшүрбөгөндө деле, ушунун өзү жетиштүү болмок”.
Имам Бухарий (ага Аллахтын ырайымы болсун) өзүнүн сахих хадистер жыйнагында мындай деди: “Илим, сүйлөө менен амалдан мурун болушу керектиги жөнүндө бөлүм (бап). Буга далил — Аллахтын төмөнкү сөзү: «(Оо, Мухаммад) Билгин, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок! Жана өзүңдүн күнөөлөрүң үчүн кечирим сура!» (Мухаммад :19). Анткени, Аллах Таала сөздөр менен амалдардан мурун, алгач илимден сөз баштады”.
![](https://i.ytimg.com/vi/UIwRbcPZ6ds/maxresdefault.jpg)