Сокулук районунда 1990-жылы туулган жаран жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2021-жылдын 5-декабрь күнү Сокулук РИИБге белгисиз адам 16 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктаганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кыздын атасы арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 5-декабрь күнү эртең менен 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына жумушка жеткирем деп, жолдон күч колдонуп, зордуктап салганын билдирген.
Чүй ОИИББдин жана Сокулук РИИБдин Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 1990-жылы туулган К.Н. аттуу жаран жогорудагы кылмышка шектелип кармалып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.
5-декабрда Сокулук районунун айылдарынын биринин жашоочулары (50дөй тургун) бул боюнча Сокулук РИИБдин имаратынын алдына чогулушкан. Аларга Сокулук РИИБдин жетекчилиги жолугуп, жогорудагы кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берип, ал иш көзөмөлдө турганын, мыйзам чегинде тергөө иштери жүргүзүлөрүн билдиришкен. Андан соң чогулгандар таркап кетишкен.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган
![](https://i.ytimg.com/vi/V3m4_Eh9uKo/mqdefault.jpg)