Буга чейин бир канча жолу талаштуу пикирлерди жаратып келген, мугалим менен окуучунун ортосундагы мамиле дагы көңул чордонуда. Буга себеп, бугүн социалдык тармактарга тараган тасманын жайылышы. Окуучулар тарабынан тартылган видеодо мугалим бир нече жолу окуучуну түртүп, силкинтип жатканын көрүүгө болот. Окуя катталган жерге барган тергөө тобу, учурда тийешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Ошондой эле, мугалимдин аракетине юридикалык жактан баа берилери кошучаланууда. Билим уясында болгон мындай окуялардын түпкүрү эмнеде? Мындайда өспүрүмдөрдүн тарбиясына доо кетеби же мугалимдин ишмердүүлүгүнөбү?
![](https://i.ytimg.com/vi/V4AoFNvE1h0/maxresdefault.jpg)