#Каналгажазылыңыз. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 6-августтун таңында курал колдонулган окуя катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Эки-Таш деген жерде тажик тараптан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык чек арачыны көздөй болжол менен мергенчилик мылтыктан ок чыгарган. Натыйжада чек ара отрядынын кызматкери колунан жараат алды. Ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Дарыгерлер чек арачынын абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат. Ушу тапта Кыргызстандын Баткен боюнча жана Тажикстандын Исфара боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жатат. Эртең мененки саат 10го карата чек арадагы абал туруктуу деп мүнөздөлдү. Тажикстандын расмий органдары бүгүнкү окуя тууралуу маалымат берише элек. Кыргыз-тажик чек арасында суу, жол, жер маселелерине байланыштуу эки тарап жаңжалдашкан окуялар, адам өлүмү менен аяктаган ок атышуулар байма-бай катталып турат. Эки мамлекеттин жалпы чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519у такталган, калгандары талаштуу жер тилкеси болуп саналат.
![](https://i.ytimg.com/vi/VjUWtD0dutE/mqdefault.jpg)