Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата “Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” аталышындагы илимий-тажрыйбалык конференция өтүүдө. Иш-чарага Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, тиешелүү Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле тармактык адистер катышууда. Төмөндө Төрага Дастанбек Жумабековдун илимий-тажрыйбалык конференциядагы сүйлөгөн сөзү:
"Урматтуу илимий конференциянын катышуучулары!
Ардактуу меймандар!
Баарыӊыздарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин атынан кезинде улуттук тилибиз менен дилибиздин кайра жаралуу дооруна жол ачкан, кыргыз журту үчүн тарыхый мааниси өтө зор «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдык маарекеси менен чын дилимден куттуктайм.
«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамга арналган илимий-тажрыйбалык иш-чаранын Жогорку Кеӊеште өтүп жатканынын символикалуу жагы бар. Анткени, ал чыныгы демократиялык түзүлүштүн, жаӊы кубулуштун, ачык-айкындуулуктун желаргысы жүрө баштаган өткөөл кезеӊде, кыргыз парламенти тарабынан кабыл алынган эӊ алгачкы тарыхый документтердин бири болуп саналат.
«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын долбоору 1989-жылы чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттар тобунун демилгеси менен иштелип чыгып, жалпы элдик катуу талкуудан кийин, жогору жактан түшкөн айрым бир саясий-идеологиялык кысымдарга карабастан, бир добуштан кабыл алынган эле. Ал тарыхый күн – 23-сентябрь, ошондон бери Мамлекеттик тил күнү катары такай белгиленип келет.
Андан бери туура 30 жыл өттү. Ушу тапта Мамлекеттик тил – кыргыз тили эгемен Кыргызстандын эӊ башкы белгилеринин бирине айланып калды.
“Элди түбөлүк эл кылып турган – анын тили” – деп, улуу калемгерибиз Чыңгыз Айтматов айткандай, тил – бир адамдын жашоодогу негизги мүмкүнчүлүгү гана эмес, бир улуттун башкы байлыгы. Бирок, азыркы учурда мамлекеттик тилде сүйлөө, жазуу, колдонуу абалы биз күткөн деӊгээлде болбой жатат. Муну моюнга алышыбыз керек.
Кыргызстанда жашаган бардык этностордун өз эне тили менен элдик маданиятын өнүктүрүүгө эч тоскоолдук жок. Ошол эле учурда, алардын өкүлдөрүн тилдик жана маданий жактан өз ара жакындаштыруу боюнча да ырааттуу саясат жүргүзүү зарыл. Маселенин бул жаатына келгенде, азыноолак аракеттер бар, бирок арымдуу жылыштар болбой жатканын да белгилей кетишибиз керек.
Ошого карабастан, Жогорку Кеӊеш “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандан бери мамлекеттик тилдин колдонуу алкагын кеңейтүү, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө жаатында иштиктүү чараларды көрүп келет. Айрыкча, азыркы замандын талабын эске алуу менен мыйзамга бир топ олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди.
Өзүӊүздөр жакшы билесиздер, парламенттин бардык иш-чаралары жалаӊ кыргыз тилинде өткөрүлөт. Иш кагаздарын жүгүртүү амалдары толугу менен мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Биринчилерден болуп Аппаратта Лингвистикалык экспертиза бөлүмү ачылган. Бул жагынан алганда, парламент башка бийлик бутактарына үлгү десек да болот.
Жогорку Кеӊештин демилгеси менен Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программа иштелип чыккан. Анын жумушчу тобуна депутат Чыныбай Турсунбеков жетекчилик кылат. Улуттук программанын алкагында Кыргызстанда жашаган бардык этнос өкүлдөрүн тилдик, маданий, руханий жактан жакындаштыруу, бирдиктүү улутту калыптандыруу жаатында ырааттуу саясат жүргүзүлө баштады.
Мындан тышкары, кыргыз парламентинин демилгеси менен 2014-жылы өлкө тарыхында алгач ирет мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында бюджеттен 250 млн сомго жакын каражат бөлүнүп, анын алкагында өткөрүлгөн бир катар ири иш-чаралар толугу менен каржыланууда. Эми аны эффективдүү пайдалануу менен кыргыз тилинин макамын жогорулатуучу иштерди тынымсыз улантуу милдети турат.
Ардактуу замандаштар!
Илимий иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик тилдин азыркы абалы, андагы алешемдиктер менен кемчиликтер, аларды жоюу жолдору тууралуу кеӊири сөз болот, жигердүү талкуу жаралат, бир катар алгылыктуу сунуштамалар түшөт деген ойдомун. Биз бул багытта бирдиктүү пикирге келип, иштиктүү чараларды көрүшүбүз керек. Ансыз көп жылдардан бери арыла албай келаткан көйгөйлүү маселелердин биржаӊсыл чечилиши кыйын.
“Манас” эпосундай дүйнөдө теӊдешсиз көркөм дөөлөттү жараткан кыргыз эли эне тили менен сыймыктанат. Ал улам кийинки муундун жандүйнөсүн жаңыртып, өз элинин улуу руханий баалуулуктарын барктап-баалап өсүшүнө өбөлгө түзөт. Биз өз тилибизди бапестеп күтүүгө, сактоого, өркүндөтүүгө, аны азыркы заман талабы менен айкалыштыра билүүгө милдеттүүбүз.
Дагы бир ирет – майрамыңыздар менен! Илимий конференциянын ишине ийгиликтерди каалайм! Өлкөбүздө биримдик, Ала-Тообузга тынчтык болсун! Баарыбыз кыргыз тилин аздектеп, улуттун улуу тилине айланталы"
![](https://i.ytimg.com/vi/WdSCQ5S6aqU/maxresdefault.jpg)