Ош шаарынын таштанды талаасында миллиондогон тонна чыгындылар жарым кылымдан ашык убакыттан бери жатат. Полигонго эң жакын үйлөрдүн аралыгы бир чакырымга да жетпейт. Жаңы конуштардын тургундары андан тараган жагымсыз жытты, жолбун иттерди, чымын-чиркейлерди айтып, арызданганы арызданган. Бирок бул көйгөйдүн толук тизмеси эмес. 70 жылдан бери топтолгон таштандынын дагы эмнесинен кооптонушубуз керек жана ал башка жерге качан көчүрүлөт? "Өңут" программасында талкууга алынды
![](https://i.ytimg.com/vi/XJUfqkXiUiA/maxresdefault.jpg)