Өзүңдү таппай көптүн арасынан,
Жүргөндө айыга албай жаратыман.
Куюлуп арман болуп агып жаттым,
Куштардын куса серпкен канатынан.
Алдастайм ары бери, ары бери,
Жалгызмын, жан көргөн жок аны деги.
Тиктетет кайра кайра тиги көктө,
Тизилген каркыранын сабы мени.
Үмүттүн өзү өчсө, зарпы калар,
Билгендей махабаттын дартын алар:
Атыңдын баш тамгасын көккө жазып,
Алыска учуп кеткен каркылар...
#кавер #voice
Ещё видео!